"Эсептөө палатасына өкмөт кошумча 40 штат бирдигин ачуу жөнүндө токтом кабыл алган, ал азыркыга чейин аткарылбай келет" дейт Улукбек Марипов

"2016-жылы Эсептөө палатасынын жаӊы курамы келгенде өкмөт кошумча 40 штат бирдигин ачуу жөнүндө токтом кабыл алган, ал азыркыга чейин аткарылбай келет" деп бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, техникалык кызматчыларды кошпогондо азыркы учурда 206 штаттык бирдик бар. "Мындан 5-10 жыл мурда мамлекеттик бюджеттин көлөмү аз болчу. Ошондо деле азыркыдай штат бирдиги иштечү. Штат бирдигин ачуу боюнча өкмөттүн токтомунун азыркыга чейин аткарылбай келиши каржы тартыштыгынан улам болсо керек", - деди ал.

Депутат Төрөбай Зулпукаров кошумча штат бирдигин ачуу маселеси Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен чечиле турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан