"Жанагы суудан өткөндөн кийин". Депутаттар жаңы айыл чарба министрин сынга алды

"Айыл чарба министри жаңы дайындалганда "жыйындарга өзүм катышам" деди эле. Эми "жанагы суудан өткөндөн кийин" болду окшойт" деп бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Алмазбек Акматов билдирди.

Ал жайыт комитети көрүнүктүү иш алып барбай жатканына нааразычылыгын билдирди. "Жайыт комитети, силер деги эмне иш кыласыңар? Жаңы министр дайындалып жатканда "жыйындарга өзүм келип катышам" деп айтты эле, эми "жанагы суудан өткөндөн кийин" болдубу?" - деди.

Буга айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев: "Министр башында бир жыйынга келип өзү катышкан. Бүгүн шартка байланыштуу катыша алган жок. Ал өкмөттүн жыйынына катышуу үчүн кеткен", - деди.

Депутат кечээ 40тай кызматкерге сөгүш бергенин сайттардын биринен окуганын айтты. "Катуу иштеп баштаптыр, реформа кылсын!" деди эл өкүлү.

Буга комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков: "Комитет жыйыны бир жумада бир эле жолу болот, мындан ары министр өзү келип катышсын", - деди. "Жайыт комитети кеп-кеңеш берүүчү эле функцияны аткара алат экенсиңер. Бизге негизи жайыт комитети керекпи? Айыл өкмөткө өткөрүп берүү керек", - деп кошумчалады ал.

Айыл чарба министринин орун басары "Иш жасасак, таасири болот" деди.

Депутат "Аткарбаса айып пул салынабы же кызматтан алынабы? Аткарылып жаткан иштер көзөмөлдөнүшү керек" деп чиновникке тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан