Парламентте депутаттар балыктарды талкуулашты

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Долбоордун демилгечилеринин бири депутат Жыргалбек Турускулов баяндама жасады.
"Ысык-Көлдө браконьерликке каршы жүргүзүлгөн рейддин алкагында узундугу 11 чакырымды түзгөн балык уулоочу тор алынган. Узундугу 100 метрлик синтетикалык балык уулоочу тордун баасы 300 сомду түзөт. Бул торлор арзан болгондуктан браконьер аны балык кармап бүткөндөн кийин сууга таштап кетип калышууда. Анын кесепетинен бүгүнкү күндө Ысык-Көлдө чебак балыгы жок, ал эми Соң-Көлдө сига балыгы жок калды. Коңшу Орусия, Казакстанда бул синтетикалык торлорду өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынган", - деди Турускулов.
Мыйзам долбоорун талкуу уурунда депутат Рада Туманбаева Чычкан суусунда балык калбай калганын билдирди. "Чычкан суусунун боюнда кафе иштеткендер мурда ток менен мүшөктөп балык кармашса, азыр балык жок деп жатышат. Ток менен балык кармаганда ал икра бербей калат экен. Бүгүн биринчи окууда каралып жаткан бул мыйзам долбоору жөн эле кагаз бетинде калбасын. Мен колдойм. Мындан сырткары Сары-Челек коругундагы абалды да көзөмөлгө алуу керек. Моторлуу кайыгы же дрон жок, кызматкерлер анча чоң аянтты кантип көзөмөлдөйт? " - деди Туманбаева.

Буга Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов: "Тиешелүү текшерүүлөр бүтсө, аракеттер көрүлүп баштайт. Учурда 4 дрон алынган, алар коруктарга бөлүштүрүлөт. Мындан сырткары өкмөт тарабынан өзгөчө корголгон аймактарга 50 миллион сом бөлүнүп берилүүдө. Видеокөзөмөл коюлса канча адам келип жатканы, кандай мыйзам бузуулар болуп жатканы аныкталат", - деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан