Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын курамы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызматкерлерге эки күндөн бери үч этап менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ага 800дөй кызматкер катышкан.
"Учурда шаардык милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады. Алар борбордун коопсуздугун жана ички тартипти көзөмөлдөшүүдө. Ошондой эле шаарда күнү-түнү тынбай мобилдик посттор иштеп жатат", - деп жазылган маалыматта.
Бишкек ШИИББи шаар тургундарына кайрылуу жасап, шек жараткан же коопсуздукка зыян келтирген окуяларга туш болгон болсоңуз жакын арадагы милиция кызматкерине же 102 номерине телефон чалууну өтүнөт.