Бүгүн, 11-июнда депутат Исхак Масалиев шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору эмне үчүн шашылыш каралып жатканын сурады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Өткөн жумада эле парламенттик угуу өттү эле. Бүгүн бул маселе комитет жыйынында каралып жатат. Биз парламенттик угууда сунуштарыбызды айттык эле. Эмнеге бул мыйзам долбоорун шашылыш карап жатабыз?" - деди ал.
Жыйынтыгында күн тартип добушка коюлуп, депутаттар тарабынан колдоо тапты.
Мыйзам долбоору жергиликтүү кеңештеги бир жыныстагы эл өкүлдөрүнүн санын 70 пайыздан ашырбоого багытталган.