Бүгүн, 11-июнда парламент комитетинде Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына эки талапкер сунушталды.
Парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери Иса Өмүркулов Динара Качкыналиеванын талапкерлигин сунуштады. Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Жолдошбек Сулаймановдун талапкерлигин сунуштады. Талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет алардын талапкерлигин кароо маселесин Жогорку Кеңештин палатасына жөнөттү.