Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко бергени жатат. Бул тууралуу Акун өзү билдирди.
"Атамбаев "Азиз Батукаевден акча алган" деп эл алдында мени күнөөлөп аброюма, ар-намысыма шек келтирип бир жактуу каралады. Буга чейин бир ай бою "Апрель" каналы ушинтип мени каралаганда, ал каналды сотко берип көп маани берген эмесмин. Бул жөн гана журналисттердин кемчилиги деп ойлогом. Көрсө, мен тууралуу Атамбаев өзү ушак таратып, жалаа жаап жаткан турбайбы.
Эми Атамбаевди сотко берүү ишине киришип, мурдагы президенттин үстүнөн арыз жазып сот органдарына кайрыларымды билдирем. Мага жалаа жаап, Батукаев маселеси боюнча мени жаманатты кылгандыгы боюнча Атамбаев мыйзам алдында жооп бериши керек", - деди Акун.
8-июнда КСДПнын митингинде Атамбаев "Турсунбек Акундан баштап бир топ адамдар Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотууда көмөктөшкөнү үчүн акча алышкан" деп айткан.