Бишкекте №9 номерлүү автобустун каттамы өзгөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
"№9 автобус менен №11 троллейбустун каттамдары окшош болгондуктан схеманы өзгөрттүк. Ага ылайык, №9 номерлүү автобус "Азамат" унаа базарынан 10-кичи районго чейин каттайт", - деп жазылат маалыматта.