Монголия президентинин расмий иш сапарынын алкагында 9 келишимге кол коюлат. Өлкөдө Монголия элчилиги ачылат

Чыңгыз Айдарбеков.

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз өлкөсүнө Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга расмий иш сапары менен келди. Расмий иш сапарынын алкагында 9 документке кол коюлуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу журналисттерге Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

"Расмий иш сапардын алкагында кенен жана чакан форматтагы жолугушуулар өтөт. Тараптар 9 келишим-долбоорлорго кол коюшат. Гуманитардык-маданий, экономикалык, соода жана саясий багыттагы бир катар келишимдерге кол коюлат. Мындан сырткары президент Халтмаагийн Баттулга Кыргыз өлкөсүндөгү Монголиянын элчилигинин ачылышына катышуусу күтүлүүдө", - деди Айдарбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан