Кыргыз өлкөсү менен Монголиянын ортосунда кол коюлган документтердин тизмеси

Бүгүн, 12-июнда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий жолугушуусу болуп өттү. Алгач Монголиянын президенти "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып гүлчамбар коюу аземине катышты. Андан соң "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына келип өлкө башчы менен жолукту.

Жолугушуу учурунда өлкө башчылары алдыга коюлган пландары менен бөлүшүп, тыгыз кызматташууга даяр экенин билдиришти. Мындан сырткары жолугушуунун жыйынтыгы менен 9 келишимге кол коюлду.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

- Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Монголия өкмөтүнүн ортосундагы терроризм менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндөгү макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Монголия өкмөтүнүн ортосундагы аскерий жаатта кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Монголиянын Улуттук коопсуздук катчылыгынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө протокол;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Монголиянын Билим берүү, маданият, спорт жана илим министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

-Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Монголиянын Айлана-чөйрө жана туризм министрлигинин ортосундагы туризм жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Монголиянын Интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун ортосундагы интеллектуалдык менчик жана билим укугун коргоо жаатында кызматташуу тууралуу макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен Монголиянын Увс аймагынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Монголия Башкы архив башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясы менен Монголия Илимдер академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан