Халтмаагийн Баттулга Кыргыз өлкөсүнүн президентин расмий сапар менен Монголияга чакырды

Бүгүн, 12-июнда Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн башчысы Сооронбай Жээнбековду Монголияга чакырды.

"Бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер жаңы деңгээлге чыкты. Аларды өнүктүрүү боюнча активдүү аракеттер да көрүлүүдө. Саясий мамилелердин өнүгүүсү башка багыттарды да өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Биринчи кезекте эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтык алакасын өнүктүрүүгө аракеттерди жумшоо керек.

Мындан сырткары, айыл чарба, ветеринардык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, темир жол куруу, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда кызматташууга, тажрыйба алмашууга даярбыз", - деди Баттулга.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан