Бүгүн, 12-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди "Манас" эл аралык аэропортунан өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков тосуп алганы жазылат маалыматта.
Кыргыз мамлекетинде эл аралык масштабдагы иш-чаралардын өтүүсү күтүлүүдө. Бишкек шаарында 13-14-июнь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт.
Ошондой эле Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга да бүгүн Кыргыз мамлекетине алгачкы жолу иш сапары менен келди.