Депутат: "Кара-Суунун аялдары Путинге, чаткалдыктар Өзбекстандын президентине кайрылып жатса биз эмне деген мамлекетпиз?"

"Кара-Суунун аялдары Орусиянын президенти Владимир Путинге, чаткалдыктар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге кайрылып жатса биз эмне деген мамлекет, өкмөтпүз?" деп бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

"Өткөн жумада Чаткал, Аксы, Ала-Бука, Токтогулга иш сапарым менен барып, элдин арманын артып келдим. Чаткалда иш чатак экен. Алар "өкмөт өгөй баласындай көргөндүктөн биз Өзбекстандын президентине кайрылабыз" деп арманын айтышты. Мындай жагымсыз нерсени мени жандап барган кесиптештерим да угушту. Артымдан карап барган УКМКнын өкүлү да укту.

Ал жерде 2 эле көйгөй бар экен, жергиликтүү калк менен кен казгандардын ортосундагы маселе. Жергиликтүү калк кен казуучу жайда 12 саат иштеп, 14 миң сом айлык акы алат экен. Ал эми Кумтөрдө 8 саат иштеп, 50-60 миң сом алышат экен. Эч ким барбаса же кабар албаса иш чатак экен да. Элдин көңүлүн көтөрүү үчүн айлык акысы жана социалдык пакети боюнча маселени чечүү керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан