"Кыргыз-Кытай өлкөлөрүнүн ортосундагы бекем достук орношуна тоскоолдук жараткан күчтөр бар" дейт Сооронбай Жээнбеков

"Кыргыз-Кытай өлкөлөрүнүн ортосундагы бекем достук орношуна тоскоолдук жараткан күчтөр бар" деп бүгүн, 13-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукканда билдирди.

Сооронбай Жээнбеков “Кытайдагы улуттук азчылыктар боюнча маселе бул өлкөнүн ички иши деп эсептейбиз" деп айтты.

"Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алабыз. Биздин мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге, ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү баскычына көтөрөбүз. Кыргыз-Кытай ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине жеке көңүл буруп жатканыңызды жогору баалайбыз. Сиздин колдооңуз менен Кыргыз мамлекетинде республиканын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу долбоорлор жүрүп жатат. Көз карандысыздык жылдары ичинде көрсөтүлгөн жардам үчүн кытайлык досторубузга ыраазыбыз", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан