Депутат мектептердеги окуу процессин 10-сентябрдан кийин баштоо керектигин айтты

Мектептердеги окуу процессин 10-15-сентябрь күндөрүнөн тарта баштоо керек, бул жарандардын эс алуусуна шарт түзөт. Мындай пикирин бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Баатырбеков билдирди.

"Туризмди өнүктүрөлү, туризм менен бюджетке ири каражат алып келсе болот деп көп айтабыз, бирок аны ишке ашырууда аракеттер жай болуп жатат. Былтыр "Кыргызстан" фракциясы мектептердеги окуу процессин 10-15-сентябрдан тартып баштоо демилгесин көтөргөн. Бул жаатта сурамжылоо жүргүзүлүп, бул сунушту колдогондор көп болгон. Анан убакыт бергиле, бул маселени кийинки жылы карайлы дегенинен ага көнгөнбүз. Мисалы, Ысык-Көлдүн сезону 2 эле айды түзөт. Биз мал чарбасы өнүккөн өлкө болуп саналабыз, бизде мал-жан жайлоодон кечирээк түшөт. Анын айынан көп балдар мектептен калган учурлары көп.

Башка өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын да колдонуу керек. Билим күнүн 1-сентябрга белгилеп коюп эле ага такала берген да туура эмес деп ойлойм. Эгер сунуш кабыл алынса өлкө экономикасына, туризм тармагына жана жарандардын эс алуусуна да шарттар түзүлмөк", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан