Бүгүн, 13-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин бул мамлекеттик сыйлык менен Кыргыз жана Кытай мамлекетинин ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн сыйланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасына Кыргыз Республикасынын эң жогорку сыйлыгын тапшыруу сыймык экенин белгиледи.
"Манас" ордени жашоо символдорун, ачык асманды, күндү жана сууну билдирет, кыргыздарды бириктирген биздин улуу баатырыбыздын атын алып жүрөт. Сиз биздин өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө зор салым коштуңуз. Кыргыз мамлекетин ар дайым колдоп келатканыңыз үчүн сизге чоң рахмат", - деди Сооронбай Жээнбеков.