13-июнда Жогорку Кеӊеште пенсионерлерге кошумча киреше алып келе турган топтолмо фонддорду түзүүгө багытталган “Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Белгилүү болгондой, учурда топтолмо пенсиялык фонддо 10 миллиард сом топтолуп, аны инвестициялоонун арты менен каражат 18 миллиард сомго чейин көбөйтүлгөн.
Мыйзам долбоорунун баяндамачысы депутат Алмазбек Токторов көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, топтолмо пенсиялык фонддор эӊ ири каржы уюмдары болуп санала турганын белгиледи.
"Мыйзам долбоору эмгекчилерди инвестициялык кирешелер менен камсыз кылууга багытталган. Ал үчүн негизинен төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл, бул акционердик коом түрүндөгү жаңы топтолмо пенсиялык фонддорду түзүү, корпоративдик жана кесиптик пенсиялык фонддорду киргизүү, пенсиялык камсыздоо тутумун өркүндөтүү концепциясын ишке ашыруу, мыйзамдарды өркүндөтүү аркылуу пенсиялык фонддор рыногун өнүктүрүү", - деди ал.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору колдоо таап, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.