Кыргыз-Литва өлкөлөрүнүн жарандары келишимге ылайык виза ачуусуз 90 күнгө чейин жүрө алышат

13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз өлкөсү менен Литванын өкмөтүнүн ортосундагы жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоору каралды.

Келишимдин шарттарына ылайык, жарандар бул өлкөлөрдүн аймактарында виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Депутат Акылбек Жапаров келишимди колдой турганын айтып, башка өлкөлөр менен да келишим түзүүгө чакырып, "Евробиримдигине мүчө өлкөлөр менен да ушундай келишимдерди түзүү зарыл" деди.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, ал үчүн жарандарды биометрикалык маалыматтары камтылган паспорттор менен камсыз кылуу талабы коюлганын айтты. Мындан сырткары ал азыркы учурда отузга жакын өлкө менен ушундай эле шарттагы келишимдер түзүлгөнүн кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору колдоо таап, мыйзамдын долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жыйында “Вильнюс шаарында 2018-жылдын 21-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Литва Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан