Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Степное айылындагы №2 аялдар абагында жеңил өнөр-жай күнү белгиленди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июнь күнү №2 аялдар абагында жеңил өнөр-жай күнү белгиленип, майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Аскат Эгембердиев жана ЖАМКтын башкы штабынын жетекчиси Абдиш Коомбаев катышты. Алар жалпы абактагы аялдарды майрамы менен куттукташты.
№2 аялдар абагында тигүү цехи иштеп, ал жерде 100гө жакын соттолгон аялдар эмгектенишет.
Иш-чарада концерт уюштурулуп, абактагы аялдар өздөрү тиккен көйнөктөрүн кийип чыгып көргөзүштү. Өз колдору менен үлпөт, классика жана кече көйнөктөрүн тигишкен. Алардын арасында мектеп жана аскердик формалар да бар. Ошондой эле таттуулардын түрүн жана колго түйүлгөн эмгектерин тартуулашты.
Иш-чаранын аягында 90го жакын аял грамота, белек жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.