Пакистандын премьер-министри Имран Хан Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Хан бүгүн, 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.
Имран Хан сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушары жазылат маалыматта.