Кыргыз өлкөсүндө өткөн "Кыргыз-Кытай" бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча 7 миллиард доллардан ашуун суммага - 24 документке кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Төмөндө кол коюлган келишимдердин тизмеси:
1. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, "FTZCOC" Борбор Азия логистикалык борборунун жана "Искра Азии" ААК ортосунда "Искра Азия" эркин соода кызматташтыгынын кыргыз-кытай өндүрүштүк паркын илгерилетүү жана модернизациялоо жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим;
2. Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги, "Ассоциация АЮ Холдинг" юридикалык жактардын бирикмеси жана "Чанъань" ЖЧКсы ортосунда стратегиялык кызматташуу жөнүндө келишим;
3. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги, "Daren Group", "Lingbao Gold Group" жана "Full Gold Mining" ЖЧК ортосунда Кыргыз Республикасында баалуу металлдардын орто азиялык биржасын түзүү жана "Бир жол – бир алкак" өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу келишим;
4. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги, "Daren Group", "Lingbao Gold Group" жана "Full Gold Mining" ЖЧК ортосунда экологиялык циркуляцияны комплекстүү колдонуу менен алтынды кайра иштетүү заводун куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим;
5. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана "Чжунъюань" эл аралык соода корпорациясы" ЖЧК ортосунда Борбор Азия соода биржасын жана блокчейн биржасын түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим;
6. Заманбап Кыргыз-Кытай агрардык өндүрүш комплексин куруу жөнүндө эл аралык техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана Цзянсу провинциясынын Кытай компаниялар тобунун ортосунда кызматташтык тууралуу рамкалык келишим;
7. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана "Beijing Enterprises Group Company Limited" ортосундагы Кыргыз Республикасында суу менен камсыздоо, канализация жана санитария чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө өз ара түшүнүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
8. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана «Мега инвест өнөр жай компаниясы» ЖЧК ортосундагы Кыргыз Республикасында алтын, күмүш, жез жана сурьма ээритүүчү полиметаллдык заводдун курулушу жөнүндө меморандум;
9. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана «Люсин Групп» компаниясынын ортосунда «Спутник шаар» турак жай комплексин куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу меморандум;
10. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана "Токмок мунай кайра иштетүүчү завод" ЖЧК ортосунда Токмок мунай кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо жөнүндө кызматташуу тууралуу келишим;
11. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана «РУ И» соода-өндүрүштүк логистиканын агрардык өнөр жай борбору» ЖЧК ортосунда агрардык өнөр жай комплексин куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу меморандум;
12. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана Гуандун провинциясынын курулуш материалдары Ассоциациясы ортосунда Борбор Азия кантон жарманкесин уюштуруу тууралуу келишим;
13. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана «Биримдик» ЖЧК ортосунда кыш заводун куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу меморандум;
14. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана «China Cultural Industry Investment Fund» компаниясынын ортосунда «Кытай-Кыргыз эки жактуу кооперативдик инвестициялык фондун» түзүү жөнүндө кызматташуу тууралуу меморандум;
15. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана «Гансу синмай хуанджин лтд» ортосунда тоо-кен иштетүү тармагында кызматташуу тууралуу меморандум;
16. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана «Бай-Доу-Цзя» Хебей жер семирткич ЖЧКсы ортосунда кыргыз-кытай заманбап айыл чарба өндүрүшүнүн демонстрациялык паркын куруу жөнүндө меморандум;
17. Кыргыз Республикасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана «Централ Эйджа Интернейшнл Девелопмент Компани» ЖЧК ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандум;
18. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, «Шенгда Хуатай» Пекин илимий айыл чарба компаниясы жана «Айкын Сейил» соода-логистикалык борборун түзүү жөнүндө меморандум;
19. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана "Weidong Cloud Education Group" ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
20. “ДОМА-АТА” ЖЧК жана CHINA CEC ENGINEERING CORPORATION ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;
21. «Нур Строй Монтаж» ЖЧК жана «One Lead One (HK) Trading Limited» компаниясынын ортосунда кыргыз-кытай камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө келишим;
22. «Нур Строй Монтаж» ЖЧК жана «Синьболун» ЖЧК ортосунда көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу жөнүндө көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушун каржылоо келишими;
23. «Нур Строй Монтаж» ЖЧК жана «One Lead One (HK) Trading Limited» компаниясынын ортосунда соода-логистикалык борбордун курулушу жөнүндө келишим;
24. Кыргыз Республикасынын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги, «Кыргыз Унаа Курулуш» ЖЧК жана «Dongfeng Automobile CO LTD» компаниясынын ортосунда электромобилдерди чогултуучу заводду куруу жөнүндө кызматташуу тууралуу меморандум.