Шанхай кызматташтык уюму эл аралык кызматташтык боюнча жаңы форматты көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда ШКУнун саммитинде президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
“Бул уюмдун ачыктыгы жагымдуу болуп жатат. Шанхай кызматташтык уюмунун Евразия экономикалык биримдиги менен кызматташтыгын кеңейтүү зарыл” деди ал.
Ошону менен катар эле Сооронбай Жээнбеков экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча орган түзүүнү сунуштады.
Уюмдун кеңейтилген курамдагы жыйынына Кыргыз мамлекетинин, Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда. ШКУга байкоочу болуп Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын башчылары катышып жатат.