Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз мамлекетинин төрагалыгын астында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жогору баалады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июнда ШКУнун саммитинде билдирди.
Ал бүгүн кабыл алынган чечимдер өлкөлөр арасындагы кызматташтыкты тереңдете турганын айтты. “Бул абройлуу уюм болуп саналат. Уюмдун экономикалык дареметин натыйжалуу колдонуу керек” деди Казакстандын президенти.
Токаев ШКУнун алкагында маалыматтык коопсуздук борборун түзүү керектигин айтты. "Терроризм көйгөйү байкалып жатат. Уюмда маалыматтык коопсуздук боюнча борбор түзүү - бул мейкиндиктеги коопсуздук үчүн маанилүү", - дейт Токаев.
ШКУнун кеңейтилген курамдагы жыйынына Кыргыз мамлекетинин, Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда. ШКУга байкоочу болуп Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын башчылары катышып жатат.