Жээнбеков: "Интернет айдыңынан келип жаткан коркунучтар мамлекеттердин коопсуздугуна зыянын тийгизет"

"Интернет айдыңынан келип жаткан коркунучтар мамлекеттердин коопсуздугуна зыянын тийгизет" деп бүгүн, 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал текшерилбеген калп маалыматтар таркатылып, терс маанай жаратып жаткан учурлар көп болуп жатканын айтты. "Кылмыштуу, террордук жана согуштук-саясий максаттарда заманбап шарттарда интернет колдонуу коркунучтары күчөп жатат. Буга байланыштуу маалыматтык коопсуздукту камсыздоо ШКУнун күн тартибинде маанилүү маселе болуп калышы керек деп эсептейбиз.

Санариптештирүү, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында аракеттешүү жана аймактар аралык кызматташуу системин куруу маанилүү. ШКУга мүчө болгон бир катар мамлекеттердин бул тармакта топтогон чоң тажрыйбасы бар", - дейт ал.

ШКУнун кеңейтилген курамдагы жыйынына Кыргыз мамлекетинин, Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда. ШКУга байкоочу болуп Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын башчылары катышып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан