Ошто былтыр жай айында төрөлгөн наристеге Путин деген ысым ыйгарышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, наристе 2018-жылдын 24-июль күнү Ош шаарында төрөлгөн.
"Баланын ата-энеси Айдаров Путин Чыңгызович деген күбөлүктү алышкан" деди басма сөз кызматкери.
Буга чейин интернет желесинде Макгрегор аттуу баланын жалпы жарандык паспортунун сүрөтү тарап, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.