Сооронбай Жээнбеков Тажикстанда өткөн саммитте коопсуздукту сактоо боюнча милдеттерди биргелешип чечүү керектигин айтты

"Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча алдыбыздагы милдеттерди биргелешип чече алабыз" деп бүгүн, 15-июнда Тажикстанда өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 5-саммитинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы өз ара ишенимди, аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча кеңешменин максаттарын жана принциптерин бекем кармана турганын белгиледи.

"Биз 5-саммиттин "Коопсуз жана азыркыдан да гүлдөп-өнүккөн аймакка бирдиктүү көз караш" күн тартибин кубаттайбыз. Бул тема тынчтыкты, туруктуулукту камсыз кылууга жана азыркы дүйнөдөгү өнүгүүгө биздин кошо турган салымыбызды чагылдырат. 1992-жылы Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Азияда өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмени түзүүнү сунуш кылып, саясий көрөгөчтүк кылган. Бул демилге бир катар Азия мамлекеттери жана БУУ тарабынан колдоого алынган. Ошондон тартып биздин өлкөлөрдүн аракети менен өз ара аракеттешүү өнүгүп, бекемделип келет.

Дүйнө ордунда турбайт. Бүгүнкү күндүн чындыгы биздин өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү зарылдыгын талап кылууда. Бул коопсуздук саясаты чөйрөсүнө, чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүүгө, экономика жана туруктуу өнүгүүгө тиешелүү", - деди Сооронбай Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан