"Ош базарында" түшүп кеткен тротуар куруучунун эсебинен калыбына келтирилет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июнга караган түнү Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуар соода борборунун пайдубалы үчүн казылган чуңкурдан улам түшүп кеткен. "Чуңкур жаңы курулуп жаткан имараттын алдыңкы бөлүгүн куруу үчүн казылган. Имаратты куруп жаткан адам өз эсебинен тротуарды калыбына келтирет", - деп жазылат маалыматта.