Ош облусунун Араван районунда сууга агып бара жаткан кызды 6-класстын окуучусу куткарып калды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2-июнь күнү Араван районундагы айылдардын биринде катталган. Анда 2 жашар кыз үйүнүн жанындагы каналга агып бара жатканын окуучу көрүп калган.
"Кыздын ыйлаган үнүн уккан окуучу аны суудан алып чыгып, атасын жардамга чакырган. Кошуналары чогулуп кызды аймактык ооруканага алып жөнөшкөн. Окуучунун бул кылган эрдиги үчүн Араван РИИБинин кызматкерлери велосипед, спорттук кийим жана топ беришкен", - деп жазылат маалыматта.