"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы түзүлдү. Мекеменин вице-президенти болуп Элдар Айтматов дайындалды

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук академияны түзүү 2019-жылдын 31-январында кабыл алынган. Аталган мекеменин президенти Топчубек Тургуналиев, вице-президенти болуп Элдар Айтматов дайындалды.

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы мамлекеттик мекемесинин уставы бекитилди. Ошондой эле тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга жаңы уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салган өзгөртүүлөр киргизилди.

- "Манас" эпосунда жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий баалуулуктарды өсүп келе жаткан муун арасында кеңири жайылтуу жана ар тараптуу изилдөө, сактоо, ошондой эле идеяларды дүйнөлүк масштабда жайылтуу, таланттуу манасчыларды тарбиялоо;

- "Манас" эпосунун жана Чыңгыз Айтматовдун маданий мурасын сактоо үчүн шарттарды түзүү. Уюмдун ишмердүүлүгүндө илимий, техникалык жана искусство таануу изилдөөлөрүнө аракеттешүү;

- "Манас" эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий, моралдык жана этикалык баалуулуктарды жайылтуу;

- Илимий-практикалык жана илимий-техникалык конференцияларды уюштуруу, өткөрүү жана катышуу;

- Эмгектерди, мезгилдүү басылмаларды жана тематикалык түрмөктөрдү басып чыгаруу;

- Аудио-видео, окутуу-агартуучу, таанып-билүүчү материалдарды даярдоо;

- Көргөзмөлөрдү уюштуруу, сувенирлерди жасап чыгаруу сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erlan2196
2019-06-18 13:19:44
Мындай академиянын тузулушун толугу менен колдойм. Элибизди Манас Атабыздын руху, касиети колдосун. Эми ушул академия аркылуу кыргыз эли өзүбүздүн руханий дүйнобүздү байытуу керек. Эн башкысы бул академия ийгиликтүү иштеп кетиш керек. Исламга берилип Араб элдердин рухий дүйнөсүнө байланбай, кыргыз өз жан дүйнөбүз менен жашаган жакшы.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан