Эртең, 18-июнда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы министрлер ант берет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттик аппараттан билдиришти.
Эртең айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, экономика министри Санжар Муканбетов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев жана өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр Самат Кылжыев ант беришет.
Конституцияга ылайык, министрлердин ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышат.