Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы иши жөнүндө маселе каралып жатат.
Отчётту Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов берүүдө.
Депутат Улукбек Ормонов "Эсептөө палатасынын аудиторлору канча айлык акы алат?" деп кызыкты.
"Эсептөө палатасында башка министрликтер менен салыштырмалуу айлык жаман эмес. Эсептөө палатасынын айлыгы 26 миң 500 сомду түзөт. Аудиторлордун айлык акысы 18 миң 900 сом, ал эми инспекторлордун айлыгы 13 миң сомдун тегерегинде. Бул суммага кызматкердин тажрыйбасына карата кошумча төлөмдөр да бар", - деди Марипов.
"Сиз бул айлыкты жакшы деп ойлосузбу? Миллиондогон каржы бузууларды тапкан кызматкер көп айлык алышы керек. Эгер 200-300 миң сом айлык акы алсаңар жакшы деп айтмакмын" деди депутат.