Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев өкмөттү Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сынга алды.
"Эки күн мурда болгон Ак-Сай-Ворух жолундагы кырдаал боюнча кайрылгым келет. Өкмөт, уктабагылачы! Азыркы кырдаал курч болуп жатканда 20 метр асфальт төшөп, биздин жерге кирип кеткиче, оозуңарды ачып отурдуңар. Так ишти алып барсаңыздар", - деп Тиллаев өкмөткө кайрылды.
Буга чейин 18-июнда кечинде Тажик жарандары Баткен облусундагы Исфара-Ак-Сай-Ворух унаа жолун тосушканы белгилүү болгон. Кыргыз Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тажик тарап Таш-Тумшук айылында талаштуу аймакта кыргыз тарап менен макулдашпай эле асфальт төшөп баштаган. "Тажик жарандары чек арачыларыбыздын ишти токтотуу жана жолду ачуу талаптарына баш ийбей, мындан улам эки тараптын ортосунда чыр чыккан. Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жолугушуусунан кийин асфальтты төшөө иши убактылуу токтотулган", - дешкен Чек ара кызматынан.