Депутат: "Ысык-Көлдүн тургундары провокациялардан сак болушу керек. Жайкы сезон учурунда маалыматтык согуш болуп турат"

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Ысык-Көл облусунун тургундарын провокациядан сак болууга чакырды.

"Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдө жайкы сезон башталды. Бизге Орусия, Казакстандан туристтер келет. Алардын жолун тосуу үчүн башка өлкөнүн туристтик маалыматтык согушу болуп турат. Тоскоолдуктар жаралат. Ушуга өкмөт канчалык деңгээлде даяр? Мындай көйгөйлөрдүн алдын алуу зарыл. Сезон башталары менен Ысык-Көлдө уранга каршы митинг, жол тосуу башталды. Бул провокация. Ушуларды уюштуруп жаткандарга чара көрүш керек. Жергиликтүү эл ушундай провокациялардан сак болушу зарыл", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан