Депутат: "Финансы министрлигинин жол тармагы боюнча 200 миллион сомдон ашуун карызы бар"

"Финансы министрлигинин жол тармагы боюнча 200 миллион сомдон ашуун карызы бар" деп бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди.

"Кыргыз турак жай коммуналдык бирлик" ишканасынын да көмүр боюнча миллиондогон карызы бар. Алардын карызын төлөй турган түрү жок. Өкмөт бул маселени көзөмөлгө алып, чечип бериши керек. Эртеӊ эле кыш келет, ага азыртадан даярдык көрүшүбүз керек. Каражат болсо тартыш болуп турат. Өкмөт мамлекеттик органдар менен мекемелердин дебитордук карыздары боюнча толук маалымат берсе жакшы болот эле", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан