Балыкчы шаарындагы батут кырсыгынан башынан жаракат алып, ичегисине доо кеткен 3 жашар кыз каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыздын абалы оор бойдон калган. Ал кечээ, 19-июнда 21:00 чамасында каза болду", - дейт маалымат кызматынан.
Окуя 9-июнда Соң-Көл кичи районунда болгон. Анда катуу шамалдан батут оодарылып, ооруканага 7-8 бала кайрылган. Жабыркагандардын арасында бир тууган эже-сиңдилер болгон. 2012-жылы туулган А.Б. аттуу кыздын буту сынган. Ал эми анын 2016-жылы туулган А.Б. аттуу сиңдиси башынан катуу жаракат алган. 10-июнда 3 жаштагы кыздын ичегилерине доо кеткени аныкталып, ага операция жасалган. 11-июнда кызды Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо" борборуна которушкан.
Балыкчы шаардык мэриясы оодарылган батутту орноткон адамга аны алуу боюнча буга чейин эскертүү берилгенин маалымдаган.