Бишкектеги Чүй менен Манас кең көчөлөрүнүн кесилишиндеги жасалганы айдоочу унаасы менен талкалап кеткен. Жасалга калыбына келтирилгенин "Тазалык" муниципалдык ишканасынан маалымдады.
"Биз жасалганы кечээ, 20-июнда калыбына келтирдик. Айдоочулар, унаа айдап баратканда ылдамдыкты сактаңыздар", - дейт маалымат кызматынан.
19-июнда саат 23:20 чамасында 21 жаштагы айдоочу Чүй-Манас кең көчөсүнө жакында эле орнотулган жасалганы сүзүп кеткен. Унаа айып аянтчасына токтотулган.