"Республика-Ата Журт" фракциясында мамлекеттик ишканаларды, акционердик коомдорду башкаруунун натыйжалуулугу тууралуу маселе каралат

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясында мамлекеттик ишканаларды, акционердик коомдорду башкаруунун натыйжалуулугу тууралуу маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жасайт. Мындан тышкары кошумча баяндамачы катары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Ринат Түлебердиев, Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева чакырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан