Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы чет өлкөлөрдөн Матраимовдорго тийиштүү мүлк тапкан жок. Бул тууралуу аталган кызматтын башчысы Бакир Таиров "Азаттыкка" берген маегинде айтты.
Бакир Таиров мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Матраимовдун мүлкүн текшерүү аягына чыгып калганын билдирди.
"Биз Матраимовдордун мүлкүн текшерүүнү февраль айында баштаганбыз. Тажрыйбалуу кызматкерлерден турган топ түзүп, көптөгөн документтерди чогулттук. Тергөөнүн мөөнөтү бар. Ошол боюнча иш алып барып жатабыз. Менимче, кийинки аптада тергөөнүн жыйынтыгын жарыялайбыз", - деген ал.
Ошондой эле Бакир Таиров чиновниктин мүлкүн текшерүү учурунда эч кандай кийлигишүү, басым жасоо болбогонун айтат. Ал эми Раимбек Матраимовдун Финполдо иштеген иниси Исламбек Матраимов иликтөө учурунда кызматынан убактылуу четтетилгенин да кошумчалады.
"Исламбек Матраимов алгач кызмат акысы сакталбаган өргүүгө чыгып, андан кийин жумуштан кеткен" дейт Таиров.
Финполдун башчысы мүлктөрдү текшерүү учурунда маалымат алуу үчүн кайсы жана канча өлкөгө суроо жибергенин ачыктаган эмес.