Милиция кызматкерлери үйүнөн чыгып, адашып кеткен 3 жаштагы баланы ата-энесине өткөрүп беришти

Бишкекте милициялар жоголуп кеткен 3 жаштагы баланы таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 19-июнда саат 18:15те Кара-Жыгач жаңы конушунан адашып, ыйлап жаткан бала тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына билдирүү түшкөн.

"Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, баланын ата-энесин издеген. Жыйынтыгында ошол эле күнү саат 20:00 чамасында баланын апасы А.И. экени аныкталган. Жоголгон бала 2016-жылы туулган Н.Н. аман-эсен апасына өткөрүлүп берилген. Ата-энеси аны улуу кызына калтырып, жумуштары менен бир жакка кеткенде баланын жоголуп кеткени белгилүү болгон", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан