Көмүрсуутек газын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелери бекитилди

Көмүрсуутек газын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелери бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган Коопсуздук эрежелери Кыргыз Республикасында көмүрсуутек газын пайдалануучу объекттерди эксплуатациялоодо коопсуздукту күчөтүү жана авариялык кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында кабыл алынган. Коопсуздук эрежелеринде авариялык кырдаалдарда материалдык зыянды азайтуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусун эске алуу менен көмүрсуутек газдарын пайдалануучу объекттердин коопсуздугун күчөтүү, аларды пайдаланууда жана аларда ар түрдүү иштерди аткарууда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо каралган.

Көмүрсуутек газын пайдалануучу объекттер үчүн кабыл алынган коопсуздук эрежелери жазылган жоболордун жана жабдууларга, аны маркалоого, кызматкерлерди квалификациялоого карата талаптардын негизинде ишкерлерге алдын алуу чараларын көрүүгө, кызматкерлерди персоналды өз убагында окутуудан өткөрүүгө шарт түзөт. Бул авариялык кырдаалдардын алдын алууга өбөлгө болот. Коопсуздук эрежелери көмүрсуутек газы менен байланыштуу процесстерге жана жабдууларга карата коопсуздук талаптары кирген 11 бөлүмдөн турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан