Бүгүн, 24-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өлкө башчы Сооронбай Жээбековдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйналышы өтүүдө.
Анда жеңил өнөр жайды кайра иштетүү жана айыл чарбаны өнүктүрүү келечеги жана бүгүнкү күндөгү абалы талкууланууда. Иш-чарага бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана тиешелүү органдардын башчылары катышууда.
"Мамлекет тарабынан жасалган аракеттерге карабастан өнөр жай тармагын өнүктүрүүдө көрүнүктүү жыйынтыктар болбой келүүдө. Мамлекеттик органдардын отчётторун анализдеп көрсөк, алардын ою боюнча өнөр жайларды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ага ылайык, бизнестин өзү өнөр жайы менен алектенгиси келбегендей пикир жаралат.
Ошол эле убакта биздин ишкерлерге жана чет элдик инвесторлорго жаңы өндүрүштөрдү ачууга, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө эмне тоскоолдук болуп жатканын аныктоо боюнча сурамжылоо болду. Анда ишкерлерде мамлекеттик органдардын пикирине дал келбеген ой-пикирлер айтылды. Мындан улам бизнес менен мамлекеттин ортосунда чыныгы диалог түзүлбөй жатат", - деди өлкө башчы.