Бүгүн, 24-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору Аскар Сыдыков Кыргыз өлкөсүндө 12 миллион доллар акчасы камакта жаткан швейцариялык ишкер жөнүндө айтып берди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө аймагында бизнесмендер үчүн тиешелүү шарттар жок.
"Аймактарды өнүктүрөбүз дейбиз, бирок учурда текшерүүдөн баш чыкпай калды. Бир текшерүү бүтсө экинчиси, ал бүтсө үчүнчүсү чыгат. Биздин кеңешке швейцариялык ишкер жардам сурап кайрылды. Ал Кыргыз өлкөсүнө 12 миллион доллар акчаны инвестициялоого даяр болгон. Бирок ар кандай текшерүүлөрдөн кийин бул акча-каражат Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан камакка алынган.
Учурда алар иш алып барган жок, күтүп отурат. Ал эми акчасынын баары Кыргыз өлкөсүндө камакта. Ушундай нерселерден кийин биздин өлкөгө инвесторлор келеби деген суроо жаралат, мындай мисалдар өтө көп. Биз бул тууралуу бир жылдан бери айтып жатабыз, ал эми текшерүүлөр дагы деле токтогон жок.
Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары ич ара жарыш жарыялап алгандай туюлат. Кайсы орган көбүрөөк кылмыш ишин козгоп, кайсынысы атайын эсепке канча каражат которо алат дегендин айланасында гана иш алып барып жаткандай. Мындай көрүнүштөрдөн улам өлкөдөн капитал кетип, ишкерлердин укук коргоо органдарына болгон ишенимдеринин деңгээли түшүп жатат. Эгер биз бюджетти толтуруу менен гана алектенсек көптөгөн бизнесмендер өлкөдөн кетип калышы мүмкүн. Бизнеске болгон текшерүүлөрдү азайтуу керек", - деди Сыдыков.