Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда коменданттык саат киргизилет

Бүгүн, 25-июнда Кыргыз өлкөсүндө "Коопсуздук-2019" биргелешкен командалык-штабдын мобилизациялык окуу-машыгуулары башталат. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМ, УКМК, ӨКМ өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтө турган “Коопсуздук-2019” машыгуулары 25-27-июнь аралыгында өтөт. Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда аскердик окутуулар өтүп, 26-июнда саат 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин коменданттык саат жарыяланат.

Машыгуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин Кыргыз аскердик коопсуздугун камсыздоо даярдыгын текшерүү максатында өтөт. Анда өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, чукул жана аскердик кырдаал киргизилген учурда режимди камсыздоодогу даярдыктар текшерилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn10076
2019-06-27 01:15:08
Бул эмне болгон күндөр башталды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан