Өкмөттө республикадагы инвестициялык ишмердүүлүктүн абалы жана аны өнүктүрүү келечеги жөнүндө кеңешме өткөрдү.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, 2018-жылга карата чет элдик түз инвестициялардын агымы 851,7 миллион долларды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 38,1%га өскөн. Бул учурда кирген агым чыккан агымдан 144,2 миллион долларга ашкан.
"Бул көрсөткүч 2018-жылы чет элдик түз инвестициялардын глобалдык агымы 13 пайызга кыскарганын эске алганда, суммалык көрсөткүчтө 1,3 триллион долларга кыскарган. Ошол эле учурда өзгөчө белгилей кетсек, дагы бир оңдуу факт тендециянын сакталышы, тагыраагы, 2019-жылдын биринчи кварталында чет элдик түз инвестициялардын агымы 176,7 миллион долларды түзгөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,9 пайызга көп. Ошону менен бирге чыккан агым 31,3 пайыз кыскарган", – деп инвестициялык ишмердүүлүккө ыңгайлуу шарттарды түзүү иштерин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Алардын мүнөздүү өзгөчөлүгү инвестиция чөйрөсүндөгү ачык, транспаренттик жана дискриминациялык эмес саясат болуп саналат.
Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга инвестициялык долбоорлорду сапаттуу түзүүнү жана ишке ашырууну, келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнү тапшырды. Бул инвесторлордун Өкмөткө карата ишениминин деңгээлин жогорулатып, мамлекеттин имиджине таасирин тийгизет. Мындан тышкары инвестициялык ишмердүүлүк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди активдештирүү тапшырылды.