Кыргыз мушкери Антонина Шевченко UFC уюмунда 3-августта беттешке чыгат. Чет элдик маалымат каражаттары жазышкандай, бул UFC ESPN+ 5 Newark турниринин алкагында өтөт.
Маалыматка ылайык, анын каршылашы чехиялык Люси Пудилова болот. Ал UFC уюмунда 5 беттеш өткөрүп, эки жолу жеңишке жетишкен.
Антонина Шевченко акыркы беттешинде Роксанна Моддафериге жеңилип калган.
Беттеш АКШнын Ньюарк шаарында болот.