UFC: Антонина Шевченко АКШлык атаандашына 1 упай айырмачылыгында жеңилип калды

Бүгүн, 20-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарында "UFC on ESPN+ 7" мелдеши өтүп жатат. Аялдар арасындагы жеңил салмактагы беттеште кыргыздан чыккан мушкер Антонина Шевченко менен АКШлык Роксанна Модаффери кез келди.

Толук 3 раундга созулган беттеште 3 калыстын экөөсү 29:28 эсеби менен жеңишти АКШлык спортчуга ыйгарса, дагы бир калыс ошондой эле эсеп менен Шевченкону жеңүүчү деп тапты. Жыйынтыгында көпчүлүк калыстардын чечими менен Модаффери UFC`нин алкагындагы беттештерде 2-жолу ийгиликке жетти.

Буга чейин эрежесиз уруш боюнча Модаффери жалпы жонунан 37 беттеш өткөрүп, анын ичинен 22 беттеште жеңишке жетип, 15 беттеште жеңилүү ызасын тарткан. Анын ичинен UFC`нин алкагында өткөргөн 3 беттешинин экөөндө жеңилип калган.

Антонина Шевченко жалпы 7 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен. Ал UFC`деги жалгыз беттешин 2018-жылдын декабрь айында кореялык Жи Йон Кимге каршы өткөрүп жеңишке жетишкен. Кыргыз мушкери бүгүн UFC`нин алкагында 2-беттешин өткөрүп, жеңилүү ызасын тартып калды.

Антонина Шевченко АКШлык атаандашынан жеңилип калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Romantik.
2019-04-21 01:55:17
Тиги Америкалык эркектердей экен, атак Антоша азаматсың)
+8
rysik79
2019-04-21 06:10:07
Антош кейибе. Валя айрыйт го илибойун.
+10
Kubat77
2019-04-21 08:39:49
Шевченко кейибе
+9
Asyl10
2019-04-22 13:17:45
Бул мушкер айым Валенинанын синдисиби же жон эле фамилиялары окшошпу? Шевченко утулуп калды деп сайттан окуй калып, Валентинага коз тийиптир деп ойлоп жатыппын. Ал эмес турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан