Кытай Кыргыз өлкөсүнүн ШКУну өткөрүүдө короткон чыгымдарын өз моюнуна алат

Бишкекте 13-14-июнь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитине кеткен чыгымдарды Кытай мамлекети төлөйт. Бул тууралуу билдирүүнү Экономика министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка ылайык, ШКУну уюштуруу иштерине кетирген 6 миллион 760 миң доллар чыгымды Кытай тарап төлөп бермей болду. Тиешелүү документке Кытай менен Кыргыз тарап кол койду.

Буга чейин кыргыз милициялары Кытай тараптан 300 миллион сомго жакын акча каражатына техника менен камсыздалган. Орусия Кыргыз тарапка 66 автоунаа берген. Ал эми ШКУга мүчө мамлекеттер 450 миллион сом каражат бөлүп, бул сумма мамлекеттик резиденцияны оңдоп-түзөөгө багытталган.

ШКУга даярдануу үчүн шаардык кызматтар 73 миллион 679 миң сом коротушкан. Каражаттын көп бөлүгү шаарды жашылдандырууга, тазалоого жана жолдорду оңдоого сарпталган. Мындан "Бишкекасфальтсервиске" 40 миллион сом, "Бишкекгорсветке" 12 миллион 556 миң, "Тазалыкка" 6 миллион, "Бишкекзеленхозго" 6 миллион 500 миң сом бөлүнгөн.

Мындан сырткары Биринчи Май районуна 3 миллион 675 миң сом, Ленин районуна 2 миллион , Октябрь районуна 1 миллион 334 миң сом, Свердлов районуна 686 миң сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kechirmeni
2019-06-26 17:05:50
аябай жешиптир да тое тое
+6
Chungyz
2019-06-26 17:08:19
Качан га чейин жалдырай бересинер уят болуп
+9
u02u02
2019-06-26 17:10:58
Толоп берет экен 700-800 миллион доллар сарптап бишкекти онуктуруп жибербейт беленер э
+7
Shef87
2019-06-26 17:25:55
Кытай кичинеден акча берип отуруп дуйнону басат
+3
BarsBaatyr
2019-06-26 17:48:14
Кайырчы болуп бүттүк...
+3
kechirmeni
2019-06-26 18:38:20
Кытайдын акча бергени, капканга сырды койгону
+3
nurbek56
2019-06-26 19:07:17
ушунча акча кайакка кетти эптеп септеп жибек жолун ондоду коросунор бир жылга жетпейт ошо жолу
+3
zevs
2019-06-26 19:56:32
Olo jeptir e. Jebese tazalykta iwtegen adamdardyn aylygy 5 min som bolmok bele.
+3
nur_zhoni
2019-06-26 20:02:56
Ооо миллионерлер кобойот экенда дагы бизде
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан