Жогорку Кеӊеш "КТ Мобайл" компаниясынын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча токтом кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште "КТ Мобайл" компаниясынын ишин иликтөө боюнча Курманкул Зулушев депутаттык комиссиянын корутундусу угулуп жатканда билдирди.
Маалыматка ылайык, иликтөө ишин тездетүү максатында Эсептөө палатасынын кызматкерлери тартылган. Ошондой эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган бир катар мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрүнөн маалыматтар алынган.
"2002-жылдын декабрь айында мамлекеттик "Кыргызтелекомдун" алдында "КТ Мобайл" компаниясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Кийин "Мегаком" менен "КТ Мобайл" компаниялары биргелешип иш алпаруу үчүн өз ара келишим түзгөн. "КТ Мобайл" компаниясынын виртуалдуу оператору катары "Мегаком" аркылуу иш жүргүзүүсү үчүн 345 миллион сом берилген.
"КТ Мобайл" компаниясы бюджетке киреше алып келбегени, эсеп-кысап иштеринин тартиби сакталбаганы, компаниянын жетекчилери менен кызматкерлерине негизсиз эле чоӊ өлчөмдөгү эмгек акылар чектелип, аларга маяналар менен сый акылар ырааттуу төлөнүп келген. Андан тышкары "Ачык өкмөт" коомдук уюмунун жооптуу катчысы Иманкадыр Рысалиев компаниянын ишине мыйзамсыз кийлигишкени белгилүү болду. Ошондон улам компаниянын башчысынын орун басары Эрназар Иманкадыр уулу баш болгон бир топ кызматкерлер кызматтарынан өз каалоолору менен кеткени ачыкталды", - деп айтылат корутундуда.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында "Кыргызтелеком" компаниясына караштуу "КТ Мобайл компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамында депутаттар Жанар Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Автандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жээнчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов бар.