Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнөн мындан 1 жарым ай мурун ири суммадагы акчасын жана зер буюмдарын уурдап кеткендерди издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Буга чейин белгилүү болгондой, Бишкек шаарында 6-майга караган түнү ырчынын апасынын үйүнө белгисиз адамдар бет капчан кирип, жалпы суммасы 60 миң долларды түзгөн акча каражатты жана зер буюмдарды да алып кеткен.
"Учурда тиешелүү иш-аракеттер жүрүүдө. Кылмышкерлер кармала элек, аларды издөө иштери улантылууда", - деп билдиришти милициядан.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Милицияга арыз менен Д.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар үйүнө кирип, күч колдонуу менен тоноп кетишкенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам изилдөө тобу түзүлгөн болчу.