“Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөр киргизилүүдө

Жогорку Кеӊештин жыйынында “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Таабалды Тиллаев баяндама жасады.

"Мыйзам долбоордун концепциясы "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" мыйзам жоболорун "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамдарга ылайык келтирүүгө багытталган. Ошону менен катар мыйзам долбоору менен саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга класстык чендерди ыйгаруу үчүн укуктук негиздерди түзө турган тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда", - деди ал.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2,3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан